Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Русский

Кесипке багыт берүү

Кесип  тандоо адамдын жашоосундагы эң маанилүү, ошондой эле эң татаал чечимдердин бири. Жыл өткөн сайын бул чечимди кылуу өтө кыйындап баратат:кээ бир кесиптерге болгон талап азайып, алардын ордуна жаңы кесиптер (келечектин кесиптери) пайда болууда. Кесиптердин көп түрдүүлүгү кээде таң калдырат.proffo-servisi.PNG (81 KB)

Ар бир эле адам туура кесип тандап, өзү сүйгөн иш менен алек болбойт. Кесибин туура тандагандар ишинен рахат алып, көздөгөн максаттарына оңой жетишет. Алар өз ишинин жогорку класстагы адиси болушат, мансаптык жактан өсүүгө жана жогорку айлык акыга ээ.

mcheck04.png (23 KB)

  Сиз кесип тандоодо кыйналып жатасызбы?

mcheck04.png (23 KB)

  Сиздин кесип эмгек рыногунда талапка ээ эмеспи?

mcheck04.png (23 KB)

  Тандап алган кесибиниз жөнүндө ишенбөөчүлүк барбы?

mcheck04.png (23 KB)

  Ишиңиз сизге кубаныч тартуулабайбы?

mcheck04.png (23 KB)

  Ѳтө көп убакытты жана күч-кубатыңызды алып жатса же материалдык талаптарыңызга жооп бербей, өсүшүнүзгө жол ачпай атабы?

Анда сизге кесипке багыт берүү боюнча кеңеш керек.

Аны сиз иш менен камсыз кылуу кызматтарынын аймактык бөлүмдөрүнөн алсаңыз болот.

Кесипке багыт берүү бонча тест, сиздин тигил же бул ишке болгон шыгыңызды аныктап, сизге туура келген жумушту тандоого жардам берет.stady-servisi3.PNG (118 KB) 

Иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери, сиздин күчтүү жана алсыз жактарыңызды, кызыкчылыктарыңызды, жөндөмүнүздү ар кандай тест методикасынын жардамы менен баалап, алардын кайсы кесиптик чөйрөнүн талаптарына туура келээрин аныктоого жардам беришет.

Кесиптик багыттоо боюнча кеңеш берүү сизге учурдагы абалды туура түшүнүп, өз каалоолоруңузду аныктап, кайсы ишмердүүлүк, кайсы жумуш сизге көбүрөөк туура келээрин, тандап алган жолунузда кантип ийгиликке жетүүнү билүүгө жардам берет.

Тестти сиз онлайн түрүндө биздин порталдан же иш менен камсыз кылуу кызматынын аймактык бөлүмдөрүнөн өтсөңүз болот.

group-copy.png (11 KB)

Сизге ийгилик!

Талап кылынат!

Арендатор Кароол айыл окмоту
водитель Фирма "Алтынай" Кара-Буура
Разнорабочий Крестьянское хозяйство "Базаркул" с.Бейшеке
Компьтерщик Общество с ограниченной ответственностью "ТауТона "
Иш ордун кошуу
Размер шрифта
Контраст