Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Русский

Иш берүүчүлөрдүн калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүсү

Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү» Мыйзамынына ылайык иш берүүчүлөр калкты иш менен камсыз кылууда катышышат.


1. Иш берүүчүлөр төмөнкүлөрдүн негизинде калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатын жүргүзүүгө көмөктөшөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек мамилелерин жөнгө салуучу келишимдердин шарттарын сактоонун;
2) ишканалар, уюмдар жоюлганда же кызматкерлер иштен бошотулганда кызматкерлерге компенсацияларды төлөп берүүнүн;
3) ишке орноштурууга, кесиптик даярдоого көмөк көрсөтүүнүн, иштен бошотулган кызматкерлерге иш берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен кошумча материалдык жардамдарды берүүнүн;
4) кызматкерлерди кесиптик даярдоого, кайра квалификациялоону, квалификациясын жогорулатууну жүргүзүү аркылуу адам ресурстарын башкаруунун.
5) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, социалдык коргоого муктаж калктын аярлуу топторун ишке орноштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жумуш орундарын квоталоонун;
6) кызматкерлерди кесиптик даярдоого, кайра квалификациялоону, квалификациясын жогорулатууну жүргүзүү аркылуу адам ресурстарын башкаруунун.


2. Иш берүүчүлөр ай сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берип турат:
1) бош жумуш орундары (кызматтар) бар экендиги жөнүндө маалыматтарды;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, калктын социалдык жактан коргоого муктаж аярлуу топторун ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын квоталоо тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишимдердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды.
3. Иш берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жиберилген жаранды ишке кабыл алгандыгы тууралуу маалыматты ишке кабыл алгандыгы жөнүндө буйрук (тескеме) чыккан күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жиберилген жаранды ишке кабыл алуудан баш тарткан учурда иш берүүчү жазуу жүзүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жаранга баш тартуунун себеби жөнүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
5. Ушул берененин 3 же болбосо 4-бөлүгүнүн жазма буйруктарын аткарбаган адам тартипке же администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

Размер шрифта
Контраст