Новости
Этникалык кыргыздарга "Кайрылман" кубөлүгүн тапшыруу.
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2015-жылдын 23-июнундагы "Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" №402-токтомунун негизинде Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары У.И.Жеемуратов, Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Б.К.Масалиевдер тарабынан 2025-жылдын 19-ноябрында Баткен облусунун Лейлек районуна, өздөрүнүн тарыхий мекенине жашоого Тажик Республикасынан келген 31 этникалык кыргыздарга "Кайрылман" кубөлүгү тапшырылды.
©2021 Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики