Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Кыргызча

Новости

Лейлек районунда 2025-жылдын 3-октябрында “Бош орундардын жарманкеси” өткөрүлдү!

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас уюму аркылуу ишке ашырылып жаткан "Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү" долбоору менен биргеликте  чоң иш-чара “Бош орундардын жарманкеси” болуп өттү.

         Башкарамалыктын башчысынын орун басары Алибаев Тургуналы Төлөкович башкармалыктын ишмердүүлүгү , бош жумушчу орундар , жумушсуз жарандардын тартылуусу,жарманке өткөрүүнүн максатын түшүндүрүп өттү.

Иш-чарага №48, №31 жана Сүлүктү шаарындагы №83 кесиптик лицейлердин студенттери, жумуш издеген жарандар, жумушсуз катары катталгандар жана жергиликтүү жумуш берүүчүлөр активдүү катышты.

Жарманкеге иш берүүчүлөр, мекеме-ишканалар, ишкерлер келип катышты. Иш чаранын жүрүшүндө иш берүүчү Лейлек райондук Кулунду  жалпы дарыгерлерлик практикалык борборунун адиси   Усманов Н келип катышып бүгүнкү күндөгү дарыгерлердин жетишсиздигин жана ошондой эле катышуучуларга балдарын окутуу сунушун кенен  айтып өттү. Ошондой эле Кулунду ширетүүчү цехинин жетекчиси Эркинбек уулу Жаңыбай жумуш орундары бар экендигин айтып каалоочуларды жумушка чакырды.Бош жумуш орундарын сунуштап, талапкерлер менен бетме-бет маектеше алышты.

Айта кетсек иш-чарага  80  жаран катышты. 15 бош жумуш орду жарыяланды.4 адамга жолдомо берилип, 4 жумушка орношту.

 

🎯 Мастер-класстар: 

Иш-чаранын алкагында мал каттоо, тигүүчүлүк жана  повор кондитерлик боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, студенттерге жана катышуучуларга бул тармактар боюнча колдонмолор жана мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды.

 

🛍 Көргөзмө-сатык: 

Социалдык контракт алган үй-бүлөлөр өздөрүнүн эмгек жыйынтыктарын – үй шартында өндүрүлгөн товарларын көргөзмөгө чыгарып, келгендерге сунушташты. Бул алардын өз алдынча киреше табуу багытындагы ийгиликтүү кадамдарын чагылдырды.

 

💼 Иш берүүчүлөрдүн чакыруусу:

Иш-чарага келген 2 иш берүүчү жаштарды жумушка чакырып, аймактагы жетишпеген кесиптер боюнча маалымат берип, кесиптик багыт берүү иштерин жүргүзүштү. Алар студенттерди ушул багыттагы кесиптерди аркалоого үндөштү.

 

Бул сыяктуу жарманкелер жарандардын эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаштарды ишке орношууга даярдоого, жана жумушсуздукту азайтууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

 

 

Размер шрифта
Контраст