Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Кыргызча

Новости

📌 Кесипке багыт берүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү.

2025-жылдын 18-сентябрында  Кыргыз Республикасынын  Эмгек, социалдык  камсыздоо  жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына карата Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Раззаков шаарындагы №48 кесиптик лицейинде  окуп жаткан студенттерге “Социалдык кызмат боюнча кесипке багыт берүү” темасында кесиптик лицейдин студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.

 

✅ Иш-чаранын алкагында Эмгек,социалдык камсыздоо башкармалыгынын ишмердүүлүгү, социалдык кызматкер кесибинин мааниси жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Студенттерге социалдык кызмат көрсөтүүнүн негизги багыттары, социалдык контракт, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо, калктын аярлуу катмарына жардам берүү боюнча механизмдер түшүндүрүлдү.

 

💬 Студенттер активдүү суроо-жоопко катышып, кесип тандоого байланыштуу пайдалуу маалыматтар менен камсыз болушту.

 

   Жолугушуунун соңунда суроо-жооп форматында активдүү талкуу уюштурулуп, студенттердин кызыгуусун жараткан бир катар суроолорго адистер тарабынан жооп берилди.

 

Бул иш-чаранын негизги максаты – жаштарды социалдык кызмат тармагына тартуу жана келечектеги адистерди кесипке багыттоо болуп саналат.

Размер шрифта
Контраст