Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Кыргызча

Новости

Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалы тарабынан өткөрүлгөн "Бош орундар жарманкеси"

Маалымат.

2025-жылдын 26-мартында Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы бош жумушчу орундар жарманкесин жана Социалдык контракт алуучулардын өндүрүлгөн продукциясынын жарманкелери өткөрүлдү. Жарманкеге Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Каримбердиева Максатай Мамытбековна, 15 жумуш берүүчү жана 75 жумуш издөөчү жарандар катышты. Район боюнча 58 бош жумушчу орундар аныкталган, бош жумушчу орундарга     27 жумушсуз жаранга жумушка орношууга жолдомо берилди.  

15 жумуш берүүчү мекемелер Лейлек райондук билим берүү  бөлүмү, Лейлек райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору, ОсОО “Белес-Суу” кичине ГЭС “Белес”,Кыргызреспубликасынын министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Сулукту-Лейлек филиалы, Лейлек райондук салык кызматы, Раззаков шаар мэриясы, Тогуз-Булак айыл өкмөтү, “ Алтын көмүр” жоопкерчилиги чектелген коому, “АС-Сулукту” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү, жана Сүлүктү шаарындагы комр казуучулар ассоцасиясынын башчысы Б. Сапаркулов катышып жумуш издөөчүлөр менен жумушка орноштуруу боюнча  алдын ала келишимдер түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо миграция башкармалыгы тарабынан   11 жумушсуз жаран “Жарык берүү жана жарыктандыруу” кесиби боюнча кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча  окутулуп аларга кесиби боюнча сертификаттар берилди.  Кесипке ээ болгон жарандарыбызды  ОсОО“Белес-Суу” кичи ГЭС “Белес” ишканасына сыноо мөнөтү менен 3 жаранды,  Раззаков шаарындагы Раззаков мэриясына 1 жумушсуз жаранды ишке орноштурууга жолдонмо берилди Ал эми Сүлуктү шаарындагы көмүр  казуучу жоопкерчилиги чектелген коомдоруна 20 жумушсуз жарандар ишке орноштурулду.

 Ал иш - чарага Райондун аймагындагы Ак-Суу, Тогу-Булак айыл өкмөтүнөн жана Раззаков шаар башкармалыгынын аймагындагы социалдык контаркттын негизинде социалдык жардам   алуучулар  өздөрүнүн ишкердигинин негизинде өндүргөн продукцияларын көргөзмөлөө менен сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алуучулардын  арасынан Балык өстүргөн, жумуртка өндүргөндөр, кондитердик азыктарды чыгарган жана тигүүчүлүк багытында эмгектенгендер өздөрүнүн туруктуу  кардарларын табууга жетишишти. Ошол эле учурда кргөзмөгө чыгарылган 46000 сомдук продукцияларын жана товарларын сатып өткөрүгө жетишишти.    Өз кезегинде  социалдык контракт программасы менен иштеген ишкерлер өздөрүнүн ишкердиги жана кошумча жаңыдан түзүлгөн жумуш орундары туралуу тажрыйбаларын  бөлүшүштү.  

 

Размер шрифта
Контраст