Новости
профобучеие безработных Ноокенского района
Ноокен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция бөлүм тарабынан эмгек рыногунда зарыл болгон адистерге 2024-жыл 11 ай ичинде Д.Садырбаев айыл өкмөтүндө, Кочкор-Ата шаарларында жайгашкан №77 Кесиптик лицей, №68 Кесиптик лицейлер менен биргеликте жалпысынан 117 жумушсуздарды кыска мөөнөттүү кесипке багыт берүү максатында окутуулар уюштурулду.
Башкармалыкта жумушсуз болуп катталган атуулдарга Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн Арал айылында жайгашкан № 68 Кесиптик лицейинде “Ашпозчу-Кондитер” багыты боюнча 46 жумушсуз окутулуп жана “Электр ширетүүчү” тармагында 29 жумушсуздар кыска мөөнөттүү окутулуп жалпысынан 75 атуулга сертификаттары тапшырылды.