Жанылыктар
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруунун алкагында
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Ленин жана Биринчи май райондук бөлүмдөрүндө каттоодо турган жумушсуз жарандар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруунун алкагында, борбор шаарды көрктөндүрүү жана жолдорду кеңейтүү максатында Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы убактылуу тосмолорду жана бадалдарды алуу иштерине активдүү катышышты.Бул демилге шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле убактылуу жумушсуз жарандардын жумуш менен камсыз болушуна жардам берет. Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.