Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Русский

Жанылыктар

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлери №79 мектептин жайкы лагеринде балдарга кесипке багыт берүү иш-чараларын өткөрүштү

20-июнда Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлери №79 мектептин жайкы лагеринде балдарга кесипке багыт берүү иш-чараларын өткөрүштү.

Кесипке багыт берүүчү: «Тез тургузуу», «Көрүү бекети», «Сезүү –

туюу бекети», «Жыт сезүү бекети», «Угуу бекети», «Ханой мунарасы» оюндары өткөрүлдү. Бул оюндар ар бир катышуучунун күчтүү жактарын аныктоого жардам берет. Ошондой эле балдар VR көз айнеги аркылуу ишканаларга виртуалдык экскурсияга барышты. Окуучулар бардык оюндарга активдүү катышып, досторун толкундануу менен колдоп турушту. Бул иш-чара окуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга белектер тапшырылды.

Размер шрифта
Контраст