Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Кыргызча

Новости

Равные возможности для всех! Центр профориентации г.Бишкек

Баарына бирдей мүмкүнчүлүктөр.
Майыптыгы бар балдарга кесиптик багыт берүү.
Бишкек шаарынын Кесипке багыт берүү борборунда угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин бүтүрүүчүлөрү үчүн кесипке багыт берүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты кесиптер дүйнөсү менен жакындан таанышуу, келечектеги кесипти тандоо мотивациясын аныктоо.
Спикер-мотиватор катары КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, ошондой эле “Назик кыз” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын коомдук бирикмесинин төрайымы Үкей Мураталиева катышты.

Бүтүрүүчүлөр үчүн кесиптик багыт берүү оюндары жана жаштарга кесип тандоодо жардам бере турган “Кызыкчылыктардын навигатору” тести өткөрүлдү. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр 3D принтердеги иш менен таанышып, VR көз айнеги аркылуу ишканаларга виртуалдуу экскурсия жасашты.

Размер шрифта
Контраст