Кыргыз Республикасынын
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги

Көчмө калкты иш менен камсыз кылуу кызматы

1997-жылы республиканын калкын иш менен камсыз кылуу системасы түзүү мезгилинде Германия техникалык кызматташтык коомунун  жана Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен түзүлгөн.

Негизги  максаты – ички мигранттарга иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн заманбап жана сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.

Калкты иш менен камсыз кылуу көчмө кызматы өзүнүн күндөлүк ишинде Бишкек шаарындагы  миграциялык процесстерди изилдөө жана болжолдоо менен байланышкан көйгөйлөрдү чечет; ички миграциянын көйгөйлөрү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; Бишкекте убактылуу каттамы же каттамы   жок жумушсуз жарандарды каттоо, ишке орноштуруу, анын ичинде акы төлөнүүчү коомдук иштерикесиптик даярдоо, кайра даярдоонун уюштуруу аркылуу көмөк көрсөтүү.

Сиз борбордо жашайсыз, каттамыныз жок же убактылуубу, жумуш издөөдөсүзбү?

Калкты иш менен камсыз кылуу көчмө кызматына кайрылыңыз. Жашаган жериниз боюнча адистер Сиз менен жолугуп, бош жумуш орундардын сунушташат, иш менен камсыз кылуунун дагы кандай кызматтарын колдоно ала тургандыгыңыз жөнүндө кеңеш беришет.